Жапонияда Азия оюндары өтүүдө

Жапониянын Аичи жана Нагоя шаарларында XX Азия оюндары башталды. Анын салтанаттуу ачылыш аземи 19-сентябрда болду.

Азия өлкөлөрүнүн спортсмендеринин парады болуп, Кыргызстандын спортсмендери дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу параддан өтүштү. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду.

Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар.

Мындан тышкары, спортсмендерге медициналык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында Кыргызстандын делегациясынын курамында 7 дарыгер жана массажист бар.

Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты