Албаниядагы рейтинг турнири: Медет кызы — алтын, Нуртаева күмүш медалга ээ болду. Балбан жигиттер таймашы бүгүн башталат
- 2 месяца мурун
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Ал эми Нурзат Нуртаева күмүш медаль жеңип алды. Балбан жигиттердин таймашы бүгүн башталат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
28-февралда кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери 76 кг чейинки салмак ченинде килемге чыгып, мелдештин бардык баскычтарында ишенимдүү жана үстөмдүк кылган күрөш көрсөттү.
Ал 1/8 финалдан баштап, Казакстандын өкүлү Гүлмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиева 10:0 эсебинде утса, жарым финалда Түркиянын балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.
Финалда Айперинин атаандашы — дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди 5:4 эсебинде жеңди.
Балбандар 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешип, анда жеңиш эквадорлук балбанга буюрган. Бул ирет Айпери Медет кызы реванш алып, финалдык кармашта жеңишке жетишип, рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.
Muhamet Malo–2026 эл аралык рейтингдик турниринде кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева күмүш медаль жеңип алды. Ал 72 кг чейинки салмакnf күч сынашты.
Биринчи айлампада Нурзат болгариялык Даниэла Браснарованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Экинчи айлампада 4:0 эсебинде алдыда бара жатып, индиялык Решма Манени таза жеңиш (туше) менен утту. Үчүнчү айлампада Индиянын дагы бир өкүлү Дикша Маликти 8:0 эсебинде ишенимдүү түрдө артта калтырды. Жарым финалда польшалык Виктория Чолуйду 2:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү финалдык кармашта казакстандык Жамиля Бакбергеновага 3:14 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш медалын тагынды.

MUHAMET MALO рейтингдик турниринин соңку күнүндө греко-рим күрөшү боюнча 8 кыргызстандык балбан күч сынашат
1-мартта Албаниянын Тирана шаарында эл аралык рейтингдик Muhamet Malo турнири аяктайт. Соңку мелдеш күнүндө медалдар үчүн греко-рим күрөшү боюнча балбандар ат салышат.
Мелдештер 55, 60, 72, 82, 97 жана 130 кг салмак категорияларында өтөт.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортсмендер килемге чыгат:
• 55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
• 60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
• 72 кг чейин — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;
• 82 кг чейин — Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
• 97 кг чейин — Узур Жусупбеков, Мелис Айтбеков.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.




