Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Шаршенбеков 63 кг салмакта мелдештин чейрек финалында индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 13:7 эсебинде жеңип алды. Ал эми финалдык бөлүктө казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен күч сынашып, атаандашынын далысын жерге басып, алтын байгени илип кетти.

19-апрелден 24-апрелге чейин Улан-Батордо өтчү Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 21 балбан катышууда.

Турнирдин бүгүнкү айлампасында килемге чыккан беш балбандын төртөө финалда беттешүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алдыда 77 кг салмакта Акжол Махмудов алтын, 87 кг салмакта Мелис Айтбеков менен 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль үчүн беттешет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты