Азимбек Бекназаров: Баатырлардын эң түзүгү – Атамбаев

  • 2 года мурун

Саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаров бүгүн, 8-сентябрда, басма сөз жыйынын өткөрүп, элчилик кызматтан “Кумтөр” боюнча айткандары үчүн бошотулганын билдирди. Ошондой эле Бекназаров кечээ жакында “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын алгандар тууралуу тууралуу өз оюн ортого салды.      

 -Калган баатырларыбыз, мисалы Жумагулов ким эле? Акаевдин солдаты эле да.  «Кумтөрдү» берген киши, азыр Садыр Нургожоевичтин шериги.

Мен баатырдыкты алгандарга каршы эмесмин. Бирок баатырдыкты кызматы үчүн айрыкча мамлекеттик кызматкерлер баатырдыкты алганы туура эмес. Ал өзүнүн мамлекеттик ишин айлык алып жасап жатат. Баатырлыкты жазуучулар, искусство, маданият кызматкерлери алса болот.  Айлык алып туруп, кыргыздарды 30 жыл талкалап, анан баатырлыкты алып жатышат.

Эмне үчүн Атамбаевди айтып жатам? Президенттердин, баатырлардын эң түзүгү – Атамбаев. Төрт жылдан бери камакта жатат, сынган жок. Анын позициясы туурабы-туура эмеспи, башка кеп. Бирок сынган жок. Саясатчы баатыр деген ошентип сынбайт. Тураабы-туура эмеспи, өз позициясында турат. Ал эми өз позициясында тура албагандан кийин, ал баатыр эмес,-деди Азимбек Бекназаров бүгүн, 8-сентябрда өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип.   

Бир жума мурун Президент Садыр Жапаров Апас Жумагуловго,   Медеткан Шеримкуловго, Камчыбек Ташиевге, каза болгондон кийин Арстанбек Дүйшеевге жана кинорежиссер Болотбек Шамшиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты