Азимбек Бекназаров: Мени кызматтан “Кумтөр” маселеси боюнча бошотушту

Бүгүн, 8-сентябрда, саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров “АКИ-пресс” агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп,  өзүнүн элчилик кызматтан бошотулушу Кумтөрдүн маселесине байланыштуу экендигин белгиледи.

Азимбек Бекназаров кызматтык милдеттери боюнча дайыма отчет берип келгенин,  инвестиция тартуу боюнча жасаган иштери жана Кумтөр маселеси тууралуу айтып берди.

— “Кумтөр”- Кыргызстандын эгемен доорунун тарыхын, өзөгүн түзөт. Саясий талаш ар дайым “Кумтөргө” байланыштуу болуп келген. 2005 жана 2010-жылдардагы революциянын башкы талабы да — Кумтөр болгон. 1992-жылдагы биринчи комиссия “Кумтөр” алтыны боюнча түзүлгөн. Биринчи коррупция, Акаевдин коррупциясы “Кумтөрдөн” башталган. “Кумтөр” алтын кени адамдардын тагдырына байланыштуу. Биринчи премьер-министр Насирдин Исанов “Кумтөргө” байланыштуу каза болгон, экинчи премьер-министр Кумтөргө байланыштуу кызматтан кеткен.

Эми болсо, эч кандай экологиялык зыян жок экен дешет. Азыркы бийлик “Центеррадан” тартып алгандан кийин, мен кубаттап куттуктагам. Андан кийин эмне болду? Акаевге рахмат айтып, коррупция жок экен деп алып келишти. “Кумтөр” далай адамдардын тагдырын чечкен. Эгер адилет чечилбесе, азыр да «Кумтөр» чоң саясий окуялардын өзөгүн түзөт, деди Азимбек Бекназаров.

Бир ай мурмун Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

Маалыматта мындай чечим Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди аткара албаганына, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдей албаганына байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Кумтөр маселеси боюнча 7-сентябрда кезектеги билдирүүсүн жарыялады. Анда Президент Садыр Жапаровго   «Кумтөрдүн алтыны жана андан түшкөн миллиарддар боюнча элдин, коомдун алдында качан жооп бересиз?” деген суроо коюлду.

“Швейцария Кыргызстандан сатып алган алтындын 1 млрд 210 млн доллары каякка сарпталды? Расмий билдирүүлөр боюнча Британия (4 тонна) менен Швейцарияга (1 тонна) сатылган алтындын баасы 1 тоннасы 57-58 млн доллар болгон, ошол эле учурда биздин бийлик Кытайга 1 тонна, Таиландга 1 тонна алтынды 36-37 млн доллардан саткан. Эмне үчүн баада мындай чоң айырма бар жана ал кайда кетти? Швейцариянын өкмөтүнүн ачык порталында алар бизден 19 тонна алтынды 1 млрд 210 млн долларга сатып алышканын жазышты. Ошол эле учурда КР Улуттук банкы 2022-жылдын 25-августунда билдирүү таратып, Швейцарияга сатылган алтын Күмтөрдүкү эмес экенин, улуттук алтын-валюталык резервдики экенин расмий билдирди. Андай болсо 2021-жылы Күмтөрдө өндүрүлгөн 14,5 тонна алтын кайда?” деп айтылды оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө.

Буга чейин да опоозициялык кыймыл Кумтөр боюнча Президент Садыр Жапаровдун айткандарын сынга алган.

«Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) оппозициялык кыймылы Президент Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сынга алган.

«Садыр Жапаров «экологиялык зыянды «ормон опуза» кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен» деп айтты.

Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө «колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт», бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат», — деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?”  деп жазылган билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялар, элдик курултайды өткөрүүнүн маңызы тууралуу айтып берди.

Маекте Садыр Жапаров «алар жаратылышты эл аралык нормаларга ылайык сактабай иштетип жатышкандыгына жана салыктарды толук төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу тышкы башкаруу киргизгенбиз. Алар бизди үч жакка — Торонтого, Нью-Йоркко, Лондонго эл аралык сотко беришти. «Кумтөрдүн» бүгүнкү турушу 3 миллиард доллар болчу, Кыргызстан тартып алды» деген дооматтарды кое башташты. Биз болсо дароо эле жаратылышты талкалаганыңар үчүн деп үстүртөн эле эсептеп, биз дагы «3 миллиард долларлык дообуз бар» деп кагаз жүзүндө жазып койдук. Аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикаларыбыз дагы так эмес экен. Кыскасын айтсам, «Ормон опуза» кылып, абадан алып эле жазып койдук» деп билдирген.

      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты