Азимбек Бекназаров Аксы окуясынын 21 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров 17-марттагы Аксы окуясынын 21 жылдыгына байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады.  

-Андан бери 21 жыл өттү. Ошондо атасын көрбөй төрөлгөн Шералынын Азимбеги, атасын элестете албай калган Кадыркул менен Эркиналынын балдары атасыз жетилишти. Жапжаш курагында көк кийишип Салима, Айбарча, Гүлбү, Бүайша жесирлик өмүр сүрүштү. Балам, ботом – деп какшап ыйлап жүрүп Момуке, Камкаян эне оо дүйнө салышты.. “Аттиң, баламды үйлөнтүп койгондо” деп арман кылышып Элдияр менен Советбектин аталары Анарбек аке, Камбаралы аке үшкүрүнүшүп жүрүшөт..

Аксы шейиттеринин элестери Боспиектеги кызыл ташка, Бишкекте Ак-Үйдүн алдындагы ак ташка кийинки муундарга, бийликке сабак болсун – деп түбөлүк жазылды.. Мезгил, тагдыр, турмуш – дегениң ушундай экен, Аксы окуясынын бардык каармандарын “сооротту”, өзгөрттү…

Бир гана Эгемен Кыргызстандын бийлиги менен мен өзгөрүлө албадык, -деп жазды Азимбек Бекназаров Аксы окуяларын эскерип.

-Кыргыз бийлиги кыргыз жерлерин Үзөнгү-Кууш, Сары-Жаз ж.б. – 2002-жылы Кытайга, Каркыра, Маймак, Көк-Сай ж.б. – 2008-жылы казактарга, Кемпир-Абадды – 2022-жылы өзбектерге “сатышты”. Эми Лейлек районун анклавда калтырып, тажиктерге бериле турган жер тилкеси каралып жатат деген имиш бар. Кен байлыктарыбыз толугу менен (Кумтөрдү кошпогондо) чет элдиктердин колунда жүрөт, -деди ал кайрылуу сөзүн улантып.

-Мен болсо ар-дайым бийликке каршы чыгып, 21 жыл мурда, 17-мартта Үзөнгү-Кууш ж.б. жерлерибиз үчүн Токтогулдун, Жалал-Абаддын ИВСинде жалгыз камакта отурдум, 2008-жылы жазында Каркыра ж.б. жерлерибиз үчүн саясаттагы үзөнгүлөштөрүм Д.Садырбаев баш болуп, Түптө ташбараңга калдык. Быйыл 17-мартта Кемпир-Абад үчүн Бишкектеги СИЗОдо 30дай Кемпир-Абадчылар менен камактамын.

21 жыл мурдагы Акаевдин бийлиги аксылыктарга карата жасаган кылмыштуу мамилеси, азыркы бийлик тарабынан Кемпир-Абадчыларга коендой окшоштук менен жасалып жатат.

Аргасыз “Акаев кет” – дегенге туура келет. -деп жазды Азимбек Бекназаров СИЗО-1 камак жайынан.

9-мартта шаардык сот Азимбек Бекназаровду 20-апрелге чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармашкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты