“Азаттыктын” кабарчылары милиция бөлүмүнөн чыгышты
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө алып барылган “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаев түшүнүк кат жазгандан кийин милиция бөлүмүнөн чыкты.
“Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө иштери башталган. Алдын ала текшерүүнүн алкагында Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан акциянын катышуучулары, ошондой эле «Азаттык Медиа» маалымат агенттигинин журналисттери жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана бардык жеткирилген адамдар коё берилди” деп айтылат милициянын маалыматында.
Бишкектеги СИЗО№1 тергөө абагында чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан «Азаттыктын» кабарчылары Максат Кутманбеков менен Нурлан Бейшебаевди милициянын Октябрь райондук бөлүмүнө алып кетишкени буга чейин маалым болгон.
Бир катар ЖМК жаза аткаруу кызматына жаңы жетекчиликтин дайындалышына нааразы болгондор жапырт ачкачылык кармап жатканын жазган. Бирок жаза аткаруу кызматы ал маалыматты төгүндөгөн.
24kg агенттиги абакта жаткандардын туугандарынын маалыматына ылайык, абак жайына жаңы жетекчиси Чынгыз Кожошевдин келишине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганын жазды. Мурдагы жетекчи Аскат Эгембердиевдин убагында мыйзамдын чегинде тынч кармалып жатышканын, эми уруп-согуу болуп жатканын айтышканын абактагылардын жакындары билдиришкенин жазган.
Сүрөт: Журналисттерди кармоо учурунда. «Азаттык»