Сот «Азаттыктын иши» боюнча министрликтин экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн канааттандырды

  • 1 год мурун

Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык Медианын» иши боюнча Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалды лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канааттандырды.

«Азаттыктын» жактоочусу Нурбек Сыдыков «материалда кастыкты козутуу жана согушту пропагандалоо болгонбу?» деген суроо коюлуп жатканын айтып, бул кылмыш иши болбогондуктан мындай суроо коюу мүмкүн эмес деп эсептешерин билдирди.

«Видеосюжет чыккандан бери алты ай өттү. Бул аралыкта кандайдыр бир козголоң же согуш болуп кетпегенден кийин бул жарандык процессте мындай өтүнүч киргизүү болбойт деп эсептейбиз. Тилекке каршы, сот ушул эки суроону коюп, Юстиция министрлигине караштуу Эксперттик кызматка тапшырды. Жакында мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктарын күтөбүз», — деди жактоочу.

Белгилей кетсек, 17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалында улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирген.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты