Азамат Марипов үч жылдык пробация менен абактан чыгарылганы маалымдалды
- 3 месяца мурун
Азамат Марипов үч жылдык пробация режими менен абактан чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын туугандары билдиргенин жазды.
Маалыматта айтылгандай, Жогорку сот 2025-жылдын 3-декабрында Азамат Мариповго үч жылдык пробация жаза мөөнөтүн берип эркиндикке чыгарганын жана ага 50 миӊ сом айып да салынганын туугандары билдирген.
2025-жылы 6-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мариповду кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери боюнча алты жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртпөй калтырган.
2024-жылы апрель айында алты киши кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, сентябрь айында акталган. Анын арасында Азамат Марипов да бар.
2025-жылы 7-мартта Азамат Марипов Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде курулай доомат менен абакта беш ай отуруп чыкканын, көп адамдар мыйзамсыз камалып жатканын, өзү мындан ары күнөөсүз камалгандардын укугун коргой турганын айтып чыккан.
Азамат Марипов — туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси.
Сүрөт: RFE/RL




