Бир жылда 11 миңден ашык жол белгиси чыгарылды
- 4 месяца мурун
“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси бир жыл ичинде жалпы 11 миң 386 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалды.
“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө. Учурда бир катар жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп келет.
Сүрөт: Транспорт министрлиги
Муну бөлүшүү




