Ак-Суу районунда аял өзүнө өзү бензин чачып өрт коюп, жаракаттарынан улам көз жумган

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 1985-жылы туулган М.А. аттуу аял өзүнө өзү бензин чачып, өрт коюп, көз жумган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ал аял күйүтүнө чыдабай, өзүнө кол салганы божомолдонууда. 25-февралда Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгына анын 17 жаштагы кызы кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшүп, териштирүү иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан өспүрүм кызы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгын кызматкеринин катышуусунда суракка алынган.

Ошол эле күнү, 25-февралда, саат 21:00 чамасында, өспүрүм кыздын апасы М.А. дүкөнгө суусундук алам деп чыгып кетип, күйүтүнө чыдабай, бензин куюп, өзүн өзү өрттөгөн деп айтылат. Апасы Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факт боюнча териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты