“Авангард стиль” курулуш компаниясынын директору үй камагына чыгарылды

  • 6 месяцев мурун

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын директору Эрнис Минкеев үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.  Авангард стиль курулуш компаниясынын директору Эрнис Минкеев мындан төрт ай мурун камакка алынган.

Эрнис Минкеев Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында 4-ноябрга чейин болору белгиленген.

Минкеевге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.

Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы “Салкын-Төр” шаарчасы да бар. Ал курулушту “Авангард стиль” компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.

10-октябрда ишкер Файзиев да УКМК тарабынан кармалган. Ишкер Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакта калтырылды. Файзиевге кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты