«Авангард стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси камалды
- 2 ай мурун
Avangard Style курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев камакка алынды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунунун басма сөз кызматы билдирди.
Эрнис Минкеев Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында 4-ноябрга чейин болот. Ага кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.
Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы «Салкын-Төр» шаарчасы да бар. Ал курулушту «Авангард стиль» компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.
10-октябрда Файзиев УКМК тарабынан кармалган. Ишкер Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакта калтырылды. Файзиевге кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.