Атазов, Алканова, Мотуев, Салянова. Кайра шайлоого катышуу үчүн дагы кимдер арыз берди?

  • 2 года мурун

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны 41ге жетти. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында айтылат.

Биринчи май шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондор:

  • Эльвира Сурабалдиева;
  • Нурбек Токтакунов;
  • Шадыкан Джакыпбеков;
  • Анвар Сартаев;
  • Рысбай Аматов;
  • Русланбек Акылбеков;
  • Адылбек Гапаров;
  • Рыскелди Момбеков;
  • Таалайбек Кермалиев;
  • Акжолтой Келгенбаев;
  • Темирбек Нурматов;
  • Азаматбек Жоробеков;
  • Азамат Мамбетсыдыков;
  • Урматбек Сыдыков;
  • Абдыкадыр уулу Бектур;
  • Тахир Мусаев;
  • Чыңгыз Капаров;
  • Айжан Абдуразакова.

Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка аттангандар:

  • Гуля Алмамбетова;
  • Жаныбек Асанбеков;
  • Назгүл Жолдошова;
  • Жусубалы Керимбаев;
  • Эдиль Бейшенбаев;
  • Муратбек Султанбеков;
  • Шайлообек Атазов;
  • Ирина Карамушкина;
  • Эльнура Алканова;
  • Улукбек Турганбаев;
  • Бакытбек Болотбеков;
  • Бакыт Бакиров;
  • Бакыт Саадабаев;
  • Нурланбек Маматкулов;
  • Аспек уулу Азамат;
  • Абдурахман Муртазалиев;
  • Медер Абышев;
  • Нурдин Мотуев;
  • Казыбек Эргешов;
  • Майрамбек уулу Калыс;
  • Нуржан Жумангазиева;
  • Аида Салянова;
  • Данияр Ибраймакунов.

Кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 27-январда аяктайт.

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты