«Ата түрк» паркында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы чыккандарга Октябрь райакими барды

Бүгүн, 20-мартта, «Ата түрк» паркында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы чыккандарга Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев барды.

Чогулгандардын алдында аким Жаныбек Орозалиев сөз сүйлөп, суроолорго жооп берип, «Ата түрк» паркында жайгашкан үйлөрдү бузуу иштери мыйзам чегинде жүрө турганын билдирди.

Ататүрк паркынын айланасындагы жеңил конструкциялар гана бузулат, үйлөрдү бузуу соттун чечими менен болот.

Октябрь райондук акими бул иш боюнча сотко 19 доо-арыз берилгенин, дагы 90 доо даярдалып жатканын билдирди.

Бүгүн, 20-майда, Бишкек шаарында «Ата түрк» паркында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы каршылык акциясына чыгышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 16-апрелде «Ататүрк» паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэрияны буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аянты 107,0 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койгон.

Маалыматка ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер участокторун кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин, сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берилет деп айтылган.

"Ата түрк" паркында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы чыккандарга Октябрь райакими барды

Сүрөттөр: Каршылык акциясы учурунда. «ПолитКлиника».

Видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты