Зулушев Ататүрк паркы боюнча пикирин айтты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевге «Ататүрк» сейил багы боюнча суроо берилди.

«Бул боюнча мэр өзүнүн оюн билдирди. Бизге кат келгенде мыйзамдуулугун карап чыгабыз. Сот аркылуу чечиле турган жагдайлар бар. Мэр оюн гана билдирди, иш аракеттерди көрөбүз», — деди Зулушев.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 16-апрелде «Ататүрк» паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэрияны буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аянты 107,0 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты