«Ата түрк» паркында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы нааразылык акциясына чыгышты (Видео)

Бүгүн, 20-майда, Бишкек шаарында «Ата түрк» паркында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы каршылык акциясына чогулушту.

Чогулгандардын айтымында, алардын колунда үйлөрүнүн документтери, кызыл китеби бар. Алардын бир тобу алыс-жакындан миграцияда жүрүп таап келген каражаттарына үй салышкан же сатып алышкан.

Чогулгандар бул маселени мыйзам чегинде чечип берүүнү суранышууда.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 16-апрелде «Ататүрк» паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэрияны буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аянты 107,0 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койгон.

Маалыматка ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер участокторун кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин, сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берилет деп айтылган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багы боюнча чечимди Бишкек шаарынын мэриясы кабыл алып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылганын 16-апрелде маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө паркта жайгашкан объектилердин ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүүдө.

«Бизде бардыгын бузуу же объекттердин жарымын калтыруу милдети жок. Баары мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын алкагында болот. Биз бул маселелерди сот аркылуу чечүүгө даярбыз. Айрым объектилер боюнча сот органдарына, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келип калышы мүмкүн» деди Жунушалиев.

Шаар башчысы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө” токтомунда сейил бактын чек араларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбестен жер тилкелери берилгенин кошумчалады. Компенсацияга байланыштуу бардык маселелер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралат, -деген шаар башчы.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты