Ат-Башы каналына чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына үч күн мурда чөгүп кеткен жарандын сөөгү 11-июлда табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.  

9-июль күнү 40 жаштагы жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу мааалымат түшүп, куткаруучулар издеп жатышкан.

Чөккөн жеринен бир чакырым алыс жерден куткаруучулар сөөктү суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты