Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эки киши изделүүдө  

  • 10 месяцев мурун

Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү Чүй облусунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналына 20 жаштагы жигит сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле 6-июлда Чүй районунун Садовое айылынын 1957-жылы туулган М.Т. аттуу жараны Чоң Чүй каналына  чөгүп кеткендиги өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) кабарланган.

Учурда издөө иштери улантылып жаткандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт? ӨКМ басма сөз кызматы.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты