Asman Airlines компаниясы учак кайра кайткан окуяга түшүндүрмө берди
- 1 месяц мурун
Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкектен Раззаков шаарына учкан учагы техникалык себептерге байланыштуу Бишкек шаарына кайтууга аргасыз болгон окуя жөнүндө түшүндүрмө берди. Аны штаттык техникалык кырдаал деп атады. Бул жагдай учуунун коопсуздугун камсыздоо үчүн каралган стандарттык процедураларды аткарууну талап кылат.
«Аэропорт мындай техникалык индикация чыккан учурда белгиленген бардык сервистерди жана кызматтарды алдын ала даярдыкка келтирди, бул кадыресе көрүнүш. Авиакомпания үчүн жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу артыкчылыкка ээ. «Асман Эйрлайнс» жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алганы үчүн жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдирет жана кечирим сурайт” деп айтылат маалыматта.
Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 9-июлда, Бишкек шаарынан Раззаков шаарына учуп барып, кайра кайтууга аргасыз болду. Анын себеби техникалык мүчүлүштүктөргү байланыштуу экени айтылды.
Быйыл апрелде «Асман Эйрлайнска» тиешелүү учактын ичинде жүргүнчүлөргө кычкылтек жетишсиз болгон учур катталган.
7-июлда TezJet жеке менчик компаниясынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы кырсыкка кабылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Asman Airlines




