Рейд учурунда мас абалында чыр салган бажы кызматкери жумуштан бошотулду

  • 10 месяцев мурун

Социалдык тармактарга ИИМдин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын инспекторлору жүргүзгөн рейддин видеосу тараган. Анда мас айдоочу башкарган ак түстөгү “Лексус 570” унаасынын катышуусундагы жагымсыз окуя катталган. Айдоочу менен бир жүргөн жанындагы жүргүнчүсү да мас абалында, милиция кызматкерлерине жана жарандык активисттерге орой мамиле жасап, ызы-чуу чыгарган. Ал Бажы кызматынын кызматкери К.А.А.экендиги аныкталган жана кызматтан алынды.  

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 27-апрелден 28-апрелге караган түнү, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кайгуул кызмат башкармалыгынын инспекторлорунун, ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлүп, оюн-зоок жайларынын биринин кире беришинде унааны токтоткон учурда, айдоочу инспекторлордун талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракеттенген. Ал эми жанындагы жүргүнчүсү мас абалында, милиция кызматкерлерине, жарандык активисттерге орой мамиле жасаган.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан К.А.А. менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүп, ал кечирим сурады.

Ошондой эле аталган жаран, Бажы кызматынын капитаны Алмазбек Касымалиев Бажы органдарындагы кызматынан бошотулганы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты