Asman Airlines авиа компаниясынын учагында кычкылтек жетишсиз болуп, жүргүнчүлөргө дем жетпей кыйналган окуя иликтенүүдө

  • 2 месяца мурун

Бишкек-Ош каттамы боюнча 16-апрелде саат 18:10до  учкан “Асман Эйрлайнс” учагында кычкылтек жетишсиз болуп жүргүнчүлөр араң аман калышты. Бул тууралуу социалдык тармактарда учактын жүргүнчүсү Эртуран Разаков жазды.

Маалыматка караганда, “Асман Эйрлайнс” учагы 16-апрелде саат 18:10до Бишкектен Ош шаарына учкан. Ош шаарына жетээрде кычкылтектин жетишсиздиги байкалып, кымгуут башталган. Учакта 20-25 жүргүнчү бар экени айтылат, алардын арасында төрт наристе бала, улгайып калган жүргүнчүлөр болгон. Дем жетпей чоңдор шок абалына түшкөн, балдар эсинен танган. Салондо болгону төрт гана кычкылтек баллону болгон, алардын бирөө иштебей, кычкылтеги жетишсиз болгону айтылат.  

Asman Airlines компаниясы бул окуя боюнча кызматтык териштирүү, иликтөө жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

Аталган учак учуудан четтетилген, адистер андагы система жана жабдууларды текшерип жатканы айтылат.

“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, учаар алдында бардык учактардын техникалык абалы текшерилип, мүчүлүштүгү болсо, учууга уруксат берилбейт.

Аталган учак техникалык жактан учууга жарамдуу болгону белгиленди.    

Окуянын чоо-жайы жана себеби иликтөөдөн кийин беглилүү болору айтылды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты