Жүргүнчүнү сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды

  • 7 месяцев мурун

1-майда болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында белгисиз үлгүдөгү автомашина жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада жүргүнчү ооруканада каза болуп, автоунаа кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен жаран камалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.    

Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Хонда Акура” үлгүсүндөгү автомашина аныкталган.

Күбөлөрдөн сурак алуу жана автоунаанын табылган жерин кароо учурунда бул оор кылмышты жасаган айдоочу такталып, ал 1996-жылы туулган Б.У. экени белгилүү болгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Б.У. аттуу жаран «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, Чүй облусунун Кемин райондук ИИБ тергөө кызматына жеткирилген.

Автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, учурда тергөө иштери улантылууда.

Жүргүнчүнү сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды

Сүрөт: ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты