Коопсуздук курун тагынбаган 400 миңден ашык айдоочу жана жүргүнчү аныкталган
- 1 месяц мурун
2025-жылдын 1-октябрынан тартып, «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) унаада коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктай баштаган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал функция ишке кирген күндөн тартып, бир жума аралыгында жалпы өлкө аймагында 400 миңден ашуун коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчү аныкталган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар жана жүргүнчүлөрдү өз өмүрүңүздөрдүн коопсуздугу үчүн унаага отурганда коопсуздук курун тагынууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Сүрөт: ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы




