Аскер прокуратурасы Жалал-Абад гарнизонундагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы Базар-Коргон районундагы 5-конвой батальонунун жоокери, ефрейтор Т. у Н. га кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси менен кылмыш иши козголду.   

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонунда уставга каршы окуя орун алганы тууралуу маалымат ЖМКга жарыяланар замат Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү жагдайды тактоо максатында аскер бөлүгүнө барып чара көрүүнү өтүнгөн.

-Окуя 2025-жылдын 1-сентябрынан 2-сентябрга караган түнү болжол менен 03:30дар чамасында ефрейтор Т.у.Н. менен ошол күнү күзөттө турган катардагы жоокер А.А.нын ортосунда болгон. Аскер кызматкерлеринин айтымында, ефрейтор мас абалында түн ичинде аскер бөлүккө эки жолу келген. Түнкү саат үч чамасында күзөттө турган жоокер менен айтыша кетип, аны 3-4 ирет башка урган. Ошондо гана аны аскер бөлүктүн командиринин орун басары үйүнө жөнөткөн, -деп айтылат маалыматта.  

Ошондой эле аскер прокуратурасы тарабынан Бишкек гарнизонундагы №2026 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге кысым көрсөтүү фактысы боюнча да кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары бөлүмчөнүн командири А.Б.Т. кармалды.   

Иллюстрациялык сүрөт: Акыйкатчы институтуту.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты