Фейсбукта дарыны жарнамалаган Атабековдун видеосу — фейк. Фактчекинг
- 1 неделя мурун
- Фактчекинг
Фейсбук социалдык тармагында ырчы Мирбек Атабековдун гипертония оорусуна каршы дарыны жарнамалап жаткан видеосу тарап жатат. Видеодо үн ырчыга таандык эмес экени байкалганы менен комментарийдеги колдонуучулардын көпчүлүгү Атабековго карата негативдүү, нааразы болгон билдирүүлөрдү калтырышкан.
Маалымат үчүн “Акипресстин” аты колдонулган сайтка шилтеме берилген. Анда Мирбек Атабековдун “Евдокименко Павел Валериевич аттуу дарыгерге ыраазымын. Ал мага керектүү дары-дармекти берип, гипертониядан арылтты” деген “интервьюсу” бар.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү
Биз видеону анализдеп социалдык тармактардан анын түп нускасын таба алдык. Ал 2020-жылы 24.kg маалымат агенттиги тарабынан бөлүшүлгөн. Видеодо ырчы анын депутаттык шайлоого катышары тууралуу айың кептерге жооп берип жатканын көрүүгө болот.
Колдонулган сайт — фейк
Ал эми интервью берилген сайтка келсек, анын башкы бетинде “Акипресстин” логотиби берилген. Бирок шилтеме маалымат агенттигинин расмий шилтемеси менен дал келбейт.
Ошондой эле сайтта интервью, дары тууралуу маалымат жана арзандатууга шилтемеден башка эч нерсе жок болгондуктан сайт фейк экенин айтууга болот.
Биз аты колдонулган Павел Валериевич аттуу адам жөнүндө маалымат издеп көрдүк.
Сайтта ал тууралуу Россиянын алдынкы кардиологдорунун бири деп жазылган.
Евдокименко Павел Валериевич чынында эле орусиялык дарыгер, бирок кардиолог эмес, ревматолог, невролог экени белгилүү. Муун, булчуң жана нерв системасынын ооруларынын адиси. Ден соолук тууралуу блог алып барат, Ютубда 3 миллиондон ашуун катталуучусу бар.
Бирок дарыгер гипертония оорусун тескерисинче минималдуу дары-дармек менен тамак-ашты көзөмөлдөп дарылоого чакырып келет. Муну анын жеке Ютуб каналындагы видеолорунан көрүүгө болот.
Ошондой эле, анын социалдык тармактардагы баракчаларынан же интервьюларынан “Мицеликс” дарысы же кайсы бир дары-дармекти колдонуу тууралуу кайрылуулары жок.
“Мицеликс” дарысынын сертификаты жок
Ал эми дары тууралуу сайтта “7 козу карындын аралашмасы, 99% гипертонияга каршы дарылардан айырмаланы, терс таасирлерге ээ эмес. Бул фармакологиялык тармакта эң сонун натыйжаларды көрсөткөн инновациялык продукт. Өмүрүңүзгө 10-20 жыл кошот. Кыргызстандын жарандары интернет аркылуу буйрутма берип туура эле заводдон ала алышат”, — деген күмөндүү аныктама берилген.
Препараттын лицензиясын текшерүү үчүн Россиянын Саламаттык сактоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын сайтына кирип көрдүк.
Натыйжада препараттын жарандык жүгүртүүгө киргизилген дары-дармек каражаттарынын арасында жок экенин аныктадык. Ошондой эле аны дарыканалардын каталогдорунан издеп таба алган жокпуз. Интернетте бул дарыны жана ага карата пикирлерди маркетплейстерден гана табууга болот. Мисалга алардын биринде анын сертификаты кошо бекитилген.
Бирок Евразиялык экономикалык союзунда катталган дары-дармектерден “Мицеликс” дарысы табылган жок.
Ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын дары каражаттарынын мамлекеттик реестринен да таба алган жокпуз.
Демек, бул жарнаманы жасап, жайылтууга аракет кылгандар КРнын Дары дармектерди жүгүртүү мыйзамынын бир нече пунктун бузган болуп эсептелинет.
Дары препараттарынын жарнамасын контролдоо боюнча 33-беренесине ылайык, төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) катталбаган дары-каражаттарын жарнамалоого;
8) врачтын же фармацевттин образын, медициналык униформадагы адамдардын элестерин пайдаланууга, медицина жана фармацевтика кызматкерлерин жарнамага тартууга, белгилүү адамдардын, окумуштуулардын, адистердин, айыгып кеткен бейтаптардын жана алардын туугандарынын пикирлерине шилтеме жасоого;
11) жарнамада дары препараттарын уникалдуу, эң коопсуз жана эң натыйжалуу катары көрсөтүүгө.
Буга кошумчалай кетсек, Ютуб платформасында Даниил Любовский аттуу колдонуучу “Мицеликс” дарысы диабетти айыктырат деген жарнамалардын “Одноклассникиден” көбөйүп кеткенин жана булар кадимки шылуундар экенин айтып видео бөлүшкөн.
Жыйынтык: Фейсбукта “Мицеликс” дарысын жарнамалаган Атабековдун видеосу — фейк. Бул жарнама КРнын Дары препараттарынын жарнамасын контролдоо боюнча мыйзамын бузган.
Сүрөт: интернет булактары