Салымбековдун Нарын шаарындагы арт-галереясы мамлекеттик менчигине өткөрүлдү

  • 4 месяца мурун

Нарын шаарындагы С.А.М.га (Аскар Мааткабылович Салымбеков-ред.) таандык сүрөт галереясы мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.  

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын алкагында 2000-жылы Нарын шаардык китепканасынын 1350 м2 жер тилкеси бар имараты С.А.М. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенин, кийин ал жерге көркөм сүрөт галереясынын имараты курулганын аныктаган. Мындан улам, тиешелүү иш-чаралардан кийин, С.А.М. жаран аталган объектини өз ыктыяры менен Какен Мамбеталиев атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин балансына өткөрүп берди” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты