“Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз”. Садыр Жапаров Аскат Жетиген тууралуу
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 6-мартта “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде “эмнеге абактагы акын, ырчы Аскат Жетигенди чыгарбай, ыплас иштерден акча жасаган адамга ырайым берет” дегендер да болгону тууралуу суроого жооп берип, эгер арыз менен кайрылса аны да караганга даярбыз” деп билдирди.
-Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз,-деди Садыр Жапаров.
Буга чейин вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиевге ырайым берилип, абактан чыгарылган.
Биринчи май райондук соту тарабынан Даниэл Ажиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Өлкө мыйзамдарына каршы келген вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекетке кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.
Акын, ырчы Аскат Жетиген №27 абак жайында ырайымсыз мамилеге жана коркутууга кабылганын билдирди. Даттануулардан кийин ырчы, акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыгарылды.
2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.
Сүрөт: Аскат Жетиген. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»




