Арстан Алайдын каякта экени белгилүү болду

  • 5 месяцев мурун

Эки күндөн бери изделип жаткан Арстан Алайдын каякта экени белгилхх болду.

Арстан Алай Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалганын Kaktus. media басылмасына билдирген.

Алардын айтымында, Арстан Алайдын туугандары анын каякта экенин билбейт болушу керек, ошондуктан алар укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Баштапкы маалыматка караганда, Арстан Алай аймактар аралык кастыкты козуу боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев изделип жаткандыгы кабарланган. Социалдык тармактарга жарыяланган маалыматты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ЖМКга ырастаган.

Маалыматка караганда, Арстан Алай кечээ, 13-декабрда саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Кара спорттук кийим жана кара түстөгү кроссовки кийип жүргөн.

Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси, президенттикке талапкер болгон.

Коомчулукта анын ар кыл афоризмдери айтылып келет.   

Сүрөт: Арстан Алай. АКИпресс  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты