«Арча-Бешикте” ташталган ымыркайдын атасы эркинен ажыратылган киши    

  • 5 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «Арча-Бешик» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин дарбазасына калтырып кетишкен жаңы төрөлгөн ымыркайдын ишин жеке көзөмөлүнө алды.

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, институттун кызматкерлери табылган бала дарыланууга жаткырылган төрөт үйлөрүнүн бирине барды. Башкы дарыгер 19-ноябрда саат 23.05те кабыл алуу бөлүмүнө милиция кызматкерлери алып келген ымыркай катуу үшүп калганын айткан.

Балага бронхопневмония деген диагноз коюлду. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 20-21-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси Ж. С. менен сүйлөшкөн.

20-ноябрда кармалган Ж. С.ны ИИБде суракка алышкан. Ал кылмыш кодексинин 37-125-беренеси боюнча айыпталууда.

21-ноябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери ИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайрадан барган кезде, ал кандай жагдайда төрөгөнү тууралуу айтып берген. Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы абакта жатат.

“Арча-Бешик” жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосуна ташталган ымыркайдын энеси делген аял үй камагына чыгарылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө баласын таштоого шектелген, 2003-жылы туулган С.Ж. кармалган.

Арча-Бешик жаңы конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 19-ноябрда, саат 22:45 терде Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери келгенде желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы туулган ымыркайды табышкан. Баланын оозунда даарат кагазы да болгон.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайды №2 төрөт үйүнө алып барышкандыгы маалымдалды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча ымыркайды өлтүрүүгө аракет боюнча кылмыш ишин козгогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты