Өзгөндө чарчап калган ымыркай боюнча экспертиза дайындалды
- 2 месяца мурун
2026-жылдын 21-январь күнү Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканадан 2025-жылы туулган ымыркай аталган бөлүмдө кан аздыгынан улам чарчап калгандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы (ОИИББ) башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, күбөлөр суралып, ымыркайдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.
Бир катар маалымат каражаттары ымыркайга кыйма кыюу, хижама жасалгандыгы тууралуу жазышкан. Хижама — кан чыгаруу, денедеги “бузук” деген канды чыгаруу элдик ыкмасы.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




