Арча-Бешик конушундагы үйдүн короосунан ымыркай табылды

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылды.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 19-ноябрда, саат 22:45 терде Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери келгенде желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы туулган ымыркайды табышкан. Баланын оозунда даарат кагазы да болгон.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайды №2 төрөт үйүнө алып барышкандыгы маалымдалды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча ымыркайды өлтүрүүгө аракет боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жүргүзүлгөн иш-чара учурунда 2002-жылы туулган А. С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кийинчерээк эч жакка кетпөө кепилдиги менен камактан коё берилди.

 Мурдагы ымыркай №1 төрөт үйүнө жайгаштырылган. №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, ымыркайдын абалы туруктуу, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты