Таштандыга ташталган ымыркайдын энеси кармалды

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте таштандыга ташталган ымыркайдын энеси кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Кармалган эне ымыркайды өлтүрүүгө аракет беренеси боюнча шектелүүдө.  

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча ымыркайды өлтүрүүгө аракет боюнча кылмыш ишин козгогон.  

Жүргүзүлгөн иш-чара учурунда 2002-жылы туулган А. С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  

Таштандыдан табылган ымыркай борбор шаардагы №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген, Ымыркайдын абалы туруктуу экени кабарланды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты