Арашан айылындагы көрүстөн тараптан курал-жарак сакталган жай табылды

  • 4 месяца мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылынын аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды.

Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалды деп шектелип курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылган.

4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты