Чүйдө жаандан улам Шамшы каналындагы суунун деңгээли көтөрүлдү
- 1 неделя мурун
- Видео
3-июлда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Покровка айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Шамшы каналындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ашып, Заречный көчөсүн каптады.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Чүй райондук башкармалыгы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан ал жерде абалга баа берүү жана башка тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Айыл аймагы тарабынан экскаватор тартылып, суунун агымын жөнгө салуу иштери жүргүзүлдү.
Сүрөт: ӨКМ Бишкек башкармалыгы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




