“Арал” жана “Сосновка” өткөрмө пункттары жеңил унаалар үчүн ачылды
- 3 недели мурун
- Видео
Бишкек-Ош унаа жолунун 133- чакырымында, Төө-Ашууда жол тыгыны жоюлуп, “Сосновка”, “Арал” постторунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Ал эми оор жөк ташуучу унааларга чектөө алына элек.
Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында жол тыгыны жолго салынып, унаалар эки тараптуу жүрө баштады.
Буга чейин Сосновка, Арал жана Талды-Булак (Талас-Бишкек каттамы) өткөрмө жайларында унаанын бардык түрүнө каттам жабык болчу. Арал жана Сосновка постторунда жүргүнчүлөргө ысык чай жана тамак-аш уюштурулган.
ӨКМ Бишкек – Ош унаа жолунун 126-137-чакырым аралыктарында төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болуп, жол тыгыны болуп жатканын кабарлаган. 132-чакырымда оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгондугун билдирген.
ӨКМ кечээ Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-октябрдан 17-октябрга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарында, Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн, жолдор тайгак, муз болорун эскерткен.
Сүрөт: Видеодон алынды