Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилди

Бүгүн, 28-ноябрда, саат 10:30дан тартып, Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына коюлган чектөө алынды. Ошондой эле Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Жеринде №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан түнү бою жолду кардан тазалоо жана тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда ашууда жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана коопсуздук талаптарына көңүл бурууга чакырат.

27-ноябрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты