Талас-Бишкек каттамы унаанын бардык түрүнө жабык
- 2 года мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдирүүсүнө караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында, Төө-Ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынды. 129-чакырымдагы жеңил унаалар Бишкек тараптан Ош тарапка өткөрүлүп жатат, жакынкы убакта эки тараптуу ачылып, жол тыгыны жоюлат.
Совновка, Арал жана Талды-Булак (Талас-Бишкек каттамы) өткөрмө жайларында унаанын бардык түрүнө каттам жабык.
Арал жана Сосновка посторунда жүргүнчүлөргө ысык чай жана тамак-аш уюштурулган.
Буга чейин ӨКМ Бишкек – Ош унаа жолунун 126-137-чакырым аралыктарында төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болуп, жол тыгыны болуп жатканын кабарлаган. 132-чакырымда оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгондугун билдирген.
ӨКМ кечээ Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-октябрдан 17-октябрга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарында, Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн, жолдор тайгак, муз болорун эскерткен.
Сүрөт: ӨКМ




