“Арал” постунан унаанын бардык түрү өтүүдө   

  • 2 месяца мурун

Бишкек–Ош унаа жолунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 23-январь күнү саат 10:15те алынды.

Кечээ жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 06:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты