Апрель революциясынын катышуучулары Темирлан Султанбековду абактан бошотууга чакырды
- 3 месяца мурун
Апрель революциясынын катышуучуларынын уюмдарынын ассоциациясы Бакиевди реабилитациялоо боюнча аракеттерди айыптаганын билдирди жана “Социал-демократтар” партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековду бошотууга чакырды.
Бул тууралуу “Апрель” каналы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, алар 7-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 7-апрелде курман болгондордун бейитине гүл коюп, эскеришти.
Апрель революциясынын катышуучулары жана курман болгондордун үй-бүлөсү, жакындары Бакиевдин бийлигин реабилитациялоого жол берилбеш керектигин билдиришти. Андай аракеттер өлкөдө баш аламандыкка негиз болорун белгилешти.
Ошондой эле алар аталган ассоциациянын жекеткчиси, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду абактан бошотууну талап кылышты.
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аталган адамдарды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери алардын абактагы мөөнөтү узартылып жатат.
Темирлан Султанбековго, Карамушкинага жана Роза Түрксеверге алдамчылык беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши ачылды.
Буга чейин “Социал-демократтардын” лидерине жана эки мүчөсүнүн кылмыш иштерине “жашыруун” белгиси киргизилген. Бул жашыруун белги азыр да алынган жок.
Сүрөт: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан