Анталья шаарында Орусия жана Украина ТИМ жетекчилери жолугушууда

  • 2 года мурун

Түркиянын Анталья шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын жолугушуусу башталды.  

Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирди.

Жолугушуу алдында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлет Чавушоглы Лавров жана Кулеба менен өз-өзүнчө сүйлөштү.   

Жолугушуу Анадолу дипломатиялык «талаасынын» форумунда өтүүдө.   

Лавров менен Кулебанын жолугушуусун уюштурууну Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган сунуштаган.   

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. 

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилдердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты