Amnesty International президентти «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамына вето коюуга чакырды

  • 1 месяц мурун

Amnesty International (AI) эл аралык уюму Жогорку Кеңеш кабыл алган «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамына вето коюлушу керек деп эсептейт.

Бул тууралуу билдирүү уюмдун сайтына жарыяланды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс кыргыз парламенти кабыл алган мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, «он жыл мурда Орусияда кабыл алынган ушул сыяктуу мыйзам жарандык коомду системалуу жок кылууга негиз болгонун байкоодобуз» деди.

Мари Стразерс бул бейөкмөт уюмдарга гана эмес, активдүү жарандык коомго да терс таасирин тийгизерин айтып, кыргыз президенти мыйзамга вето коюшу керек деди.

14-мартта «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» же «Чет элдик өкүл» деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна «макул», беш депутат «каршы» добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Мыйзамга ылайык, «Чет элдик өкүл» деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репрессивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле «бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына» түртөрүн эскерткен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта онлайн брифингде «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди. Байсалов мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке каккан.

АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңешти өлкө ичиндеги жана башка тынчсызданууларды эске алып, бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырды.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты