Алымкадыр Бейшеналиев Жусупбек Коргонбай уулун райондук сотто жеңип алды  

  • 2 месяца мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жусупбек Коргонбай уулун райондук сотто жеңип алды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чечим чыгарганын Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган.

Сот Жусупбек Коргонбай уулун 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айткандарын төгүндөөнү жана моралдык чыгым катары 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бейшеналиев Коргонбай уулун сотко берген.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган жана 7 айдан кийин кайра дайындалган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

2022- жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу иште кылмыштын курамы жок деген менен жүйө менен кылмыш иши токтотулган.

Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыку мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. 23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыраткан.

Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты