«Алтын казына» ресторанынын официанты зордуктоого шектелип кармалды

  • 2 года мурун

«Алтын казына» ресторанынын официанты өспүрүм  кызды зордуктоого шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, шектүүлөр суракка алынып, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган У.Э.кармалды.  Ал ИВСке жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, У.Ж.аттуу жаран  6-августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 17 жаштагы кызын Maryotel мейманканасында зордуктагандарга чара көрүү тууралуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.

Maryotel мейманканасында 17 жашар кыздын зордукталышы боюнча аталган мекеменин ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Махабат Мавлянова Фейсбук баракчасында комментарий берип, «Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө иштин бардык жагдайларын аныктап, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем» деп билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты