Maryotel мейманканасында 17 жашар кыздын зордукталышы. Экс-депутат Мавлянованын комментарийи    

  • 2 года мурун

Maryotel мейманканасында 17 жашар кыздын зордукталышы боюнча аталган мекеменин ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Махабат Мавлянова Фейсбук баракчасында комментарий берди.

-Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө иштин бардык жагдайларын аныктап, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем.

Бирок, менимче, айрым түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. Акыркы 3 айдын ичинде Maryotel мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес.

Күнөөлүүлөр жазаланышын каалайм, бирок шектелген адамдарды айыптоодон мурун, тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек деп ойлойм, анткени, күнөөсүздүк презумпциясы бар.

«Алтын-Казына» ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын.

Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт.

Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам.

Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана күнөөлүүлүрдүн сөзсүз жазаланышын талап кылабыз, -деди экс-депутат Мавлянова.

Кечээ, 17-августта, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылгандыгы боюнча ЖМКда маалымат жарыяланган. Арыз ээси 6-августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылындагы мейманканада 2005-жылы туулган кызы О. А.нын зордукталганы боюнча арыз жазган.  Кыздын жакындарынын маалыматына караганда, зордуктоого шектүү эки жаран “Алтын казына” ресторанынын кызматкерлери.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы бул кылмыш иши кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тергөө жүрүп жатканын ЖМКга билдирди .

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты