“Альпинизм тууралуу” мыйзам долбоору: 6000м. ашкан тоого чыгууну пландаган альпинисттер акы төлөшөт

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, “Альпинизм тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.  

Альпинизм ишмердүүлүгүнүн субъекттери жана объекттери, алардын укуктары жана милдеттери, альпинистттин укуктары жана милдеттери, кызмат көрсөтүү келишими, альпинисттин коопсуздугу, уруксат алуу милдети ж.б. белгиленген.

Мыйзамдын негиздемесинде акыркы жылдары Кыргыз Республикасында альпинизм жана тоо туризминин активдүү өнүгүүсү байкалууда, бул аталган чөйрөнү укуктук жөнгө салууну талап кыла турганы айтылат. Тоо чокуларына чыгуулар кеңери кулач жайып жаткандыгына карабастан, ушул убакка чейин альпинизм чөйрөсүндөгү мыйзамдар дагы эле жетишсиз, бул коопсуздук, экологиялык жоопкерчилик жана пермит алуу маселелеринде укуктук боштукту жаратууда.

“Альпинисттердин тоого чыгуу коопсуздугун камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында альпинизм чөйрөсүн жөнгө салуучу адистештирилген мыйзамды кабыл алуу зарыл” деп айтылат негиздемеде.  

12-беренеде уруксат алуу милдети камтылган.  6000 метрден ашкан тоого чыгууну пландаган альпинисттер пермит алууга милдеттүү. Пермит алган альпинисттер жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттоосунан өтүшөт. (пермит – белгилүү бир тоо чокуларына чыгууга укук берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү расмий документ).Пермит алуу талап кылынган аймактардын тизмеги жана төлөө тартиби, өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2025-жылдын 12-августунда Россиянын жараны Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып, деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. Ага бир нече ирет куткаруу аракеттери жүргүзүлдү. 2-сентябрда Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын тирүү эмес экени аныкталды.

Сүрөттө: Жеңиш чокусу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты