Жеңиш чокусунда калган Наталья Наговицинанын тирүү эмес экени аныкталды
- 10 месяцев мурун
- Баяндар
Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын тирүү эмес экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын альпинисттер федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык тармактарда 2-сентябрда билдирди.
Эдуард Кубатов мындай деп жазды:
-Достор! Түштүк Эңилчек базалык лагеринен (Жеңиш чокусу) биз бүгүн эки жолу бийиктиктен тартуучу дрондун жардамы менен визуалдык байкоо уюштурдук. Тилекке каршы, Наталья Наговицина тирүү эмес деп айтууга аргасызбыз. Бардык куткаруу операциялары токтотулат, баарыбыз бул кайгылуу фактыны кабыл алышыбыз керек. Бардык видеоматериалдар (10 мүнөттөн ашык) Натальянын уулуна берилет. Кыргыз тарап альпинисттин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон аракеттеринин баары жасады. Бирок бул бийиктик, аба ырайынын катаал шарттары, учактын араңдан зорго конушу, куткаруучулардын абалы күтүлгөн натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк берген жок. Жеңиш чокусунда 7200 метр бийиктикте эч кимди ийгиликтүү куткарып алууга мүмкүн болгон эмес, биз куткаруучу-альпинисттердин өмүрүн тобокелге салууга укугубуз жок болчу,- деп жазды Эдуард Кубатов
Ошондой эле ал куткаруу операциясына катышкандардын баарына ыраазылык билдирди:
-Өкмөткө, коргоо министрлигине, аскер учкучтарына, куткаруучуларга, альпинисттерге ыраазылык билдиребиз. @victoriabonya га демилгеси жана акыркы бийиктикти тартуу, байкоо операциясын уюштургандыгы үчүн өзгөчө ыраазылык айтабыз. Баарыңарга тынчтык, жакшылык жана ынаным тилейбиз! Силерди түшүнөт деп ишенебиз,-деп жазды Эдуард Кубатов.

2025-жылдын 12-августунда Россиянын жараны Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып, деңиз деңгээлинен 7200 метр бийиктикте жаракат алган. Ага бир нече ирет куткаруу аракеттери жүргүзүлдү.
Баш сүрөт: Эдуард Кубатовдун Инстаграм баракчасынан
Наталья Наговицинанын сүрөтү: Интернет булактарынан




