Хан-Теңирде калган. Наталья Наговицина
Орусиялык альпинист, спортсмен, жөө жүлүк Наталья Наговицина Хан-Теңир тоосуна чыгып, бутун сындырып алып, катаал жаратылыш шартынан улам, тиешелүү жардам ала албай, Хан-Теңир тоосунда калды. Ал эми акыркы кабарларда Россиянын альпинизм федерациясы дрон жибере турганы кабарланды. Эгер кудай жалгап, тирүү экени аныкталса, аны куткаруунун дагы бир аракети жасалары айтылды.
Наталья Наговицина 1977-жылы 20-августта Орусиянын Пермь облусунун Черновский айылында туулган. Пермь мамлекеттик университетинин география факультетин аяктаган.
Маалыматтарга караганда, альпинизм менен Наталья Наговицина 2016-жылдан бери алектенген. Россия жана КМШ мамлекеттеринин, Кыргызстандын тоолоруна чыккан. Бир жолу Ирандын Демавенд вулканы тарапка чейин көтөрүлгөн.
Көп учурларда Наталья экспедиция мүчөсү болгон, үч жолу экспедицияны жетектеген. Эльбурска чыкканда 2020-жылы, 2023-жылы Алай тоолоруна чыкканда, ал эми 2024-жылы Хан-Теңирге чыкканда, альпинисттик экспедияцияны жетектеген.
Наталья Наговицинанын 27 жашар уулу бар. Ал эми жолдошу 2021-жылы Хан-Теңирге (6900 метр бийиктикте) чыкканда инсульт алып, кайтыш болгон. Ошол 2021-жылы Наталья күйөөсүнүн жанында болгон. Натальянын эрдиги, күйөөсүн таштабай жанында болгондугу тууралуу документалдык фильм тартылган. Ал эми бир жылдан кийин кайра Хан-Теңирге чыгып, күйөөсүнүн аты-жөнү жазылган тактаны чокуга кагып келген.
2025-жылы июнь айында Наталья Наговицина Кыргызстандагы Жеңиш чокусунун 7100 метр бийиктигин багындырган. 13-августта ушул жерде Наталья бутун сындырып алган. Шериктери италиялык Лука жана германиялык Гюнтер ага уктоочу мүшөк, газ шаймандарын жеткирип берип, жардам чакырууга кетишкен. 15-августта италиялык альпинистр Лука каза болуп калган.
Кыргызстандан жардамга жиберилген тик учак катаал аба ырайынын шартынан жете албай, орто жолдо тоого араң дегенде конгон. Ал эми 48 жашка толгон туулган күнүн Наталья бийик чокуда жалгыз тосуп алган. Ал күндөрү дрондон тартылган тасмалар Натальянын тирүү экенин тастыктаган. Андан кийин Натальяны издөө катаал шарттан улам токтотулуп, кийинки жылга калтырылган.
Наталья Наговицина өзү сүйгөн бийик тоодо, Жеңиш чокусунда калды. Бул экинин бири кайтпаган эң катаал бийиктик эле.
Кантсе да, эр жүрөк Наталья Наговицина бийик тоону, Кыргызстандын тоолорун чексиз сүйдү, жолдошу тоонун чокусунда түбөлүк жатып калды, өзү да тоонун чокусунда калууда. Дүйнөдө теңдешсиз катаал, бийик тоолорду Натальядай аздектеш үчүн, чокусуна чейин чыгыш үчүн ошончолук эр жүрөктүк, эрк-кайрат, максатына берилгендик талап кылынаар.
Сүрөттө: Наталья Наговицина. Интернет булактарынан




