Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкектеги №47 колониянын алдында Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат.

Чогулгандар кечээ өткөн Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаевдин кыйнап, футболкачан алынып келишин айыпташты.  Алар Атамбаевди боштондукка чыгарууну талап кылышууда.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кечээ, 23-мартта, Биринчи Май райондук сотуна жеткиришип, бирок кайра колонияга алып кетишкен. Себеби, Атамбаев аны сотко кайтаруу менен жеткирип барган машинанын ичинен чыгуудан баш тарткан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Сүрөт: Апрель ТВ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты