Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаев сот отурумуна катышкан жок

  • 2 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 23-мартта Биринчи Май райондук сотуна жеткиришип, бирок кайра колонияга алып кетишти. Себеби, Атамбаев аны сотко кайтаруу менен жеткирип барган машинанын ичинен чыгуудан баш тартты.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевди сотко кыйнап жеткиришкенин билдирди:

“Атамбаевди №47 колониядан күч колдонуп, конвой кызматкерлерине өткөрүп беришиптир. Атамбаев ушул суукта футболкачан отурат. Колониянын башкы дарыгери 11-мартта прокурорго “Атамбаевди абакта кармоо мүмкүн эмес, анткени анын оор илдеттери бар. Ал сотко катыша албайт” деген бүтүм жазып берген”.

Жактоочунун айтымында, мурдагы президенттин жүрөгүнө жана омурткасына байланыштуу оорулары бар.

Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкү сот отуруму президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун катышуусу менен уланууда. Судья отурумду видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салды.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга кесилген. Ал эми 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты